"Дарбыздуу" маркетинг
Загрузка ...
Абышка базарда дарбыз сатып отурат. Дарбыздардын үстүндө "Бир дарбыз - 30 сом. Үч дарбыз - 100 сом" деп жазылып турат.
Жигит келип, 30 сомго 1 дарбыз алат, кийин дагы30 сомго бир дарбыз алат, анан соңунда 30 сомго дагы бир дарбыз алат да, кетип баратып, кубанган дем менен абышкага мындай дейт:
- Чоң ата, карасаңыз, мен 3 дарбыз алдым, бирок болгону 90 сом төлөдүм. Соода кылышты билбейт турбайсызбы...
Абышка жигиттин артына карап:
- Ар дайым ушундай, бир дарбыздын ордуна үчөөнү алышат да, андан кийин мага соода кылганды үйрөтүп кетишет...